17–июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +17…+22 күндүз +34…+39
Таласта түнкүсүн +13…+18 күндүз +32…+37
Баткен облусу түнкүсүн +21…+26 күндүз +33…+38
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26 күндүз +33…+38
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17 күндүз +25…+30
Нарында түнкүсүн +7…+12 күндүз +24…+29
Бишкек шаарында түнкүсүн +20…+22°, күндүз +36…+38 градус болот.