Эртең, 17-январда республика аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;
Талас облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
Нарында түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17;
Бишкек шаарында түнкүсүн -16…-18, күндүз -4…-6 градус болот.