18-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 72-107-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолундагы Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 192-211-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 6…8 градус жогору болот.