• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

19-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

18 Жетинин айы 202213:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-ноябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 суук, күндүз +10…+12 градус болот

Количество просмотров: 211