Эртең, 2-февралда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот