• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө кирет

15 Бирдин айы 2024 10:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-февралдан тарта 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын өкүлү Мелс Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды.

«Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш», — деди ал.

Ошондой эле ал 2023-жылдагы үлгү боюнча 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтерин тизмектеди:

  1. Суу белгиси – ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  2. Коргоо тилкеси – үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандык номинал жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш – банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  4. Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  5. Көмүскө сүрөттөлүш – банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун көп түстүү белгиси – С пайда болот.
  6. Түстөрдүн өзгөрүшү – (100 сомдук банкнотто гана) банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.
  7. Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
Количество просмотров: 85