Кыргыз гидрометкызматы 20-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтө турганын кабарлады. Күндүз Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…32,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32°.