Эртең, 21-майда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18.
Бишкек шаарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус болот.