• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

21-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

20 Жетинин айы 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

21-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -4…-6 градус болот.

Количество просмотров: 237