• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

22-декабрга карата аба ырайы

21 Бештин айы 2021 14:22 Бишкек Govori.TV

22-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаай турганын кабарлады. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6;

Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз 13…15 градус болоору күтүлөт.

Количество просмотров: 163