• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

22-февралда ЖК “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун 2-окууда карайт

21 Бирдин айы 2024 9:24 Бишкек Govori.TV

22-февралда Жогорку Кенештин жалпы жыйынын күн тартибине депутат Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат. Бул туралуу ЖКнын расмий сайиында маалымдалды.

20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү күтүүсүз сунуштады.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 122