• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

24.kg агенттигинин кызматкерлерине кеңсеге кирүүгө уруксат берилген жок

29 Бирдин айы 2024 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 24.kg агенттигинин кеңсесине кирип, ишин улантуу боюнча апелляциялык арызды карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Анда редакциянын ишмердигине тыюу салынбаганын белгиленип, кызматкерлерге кеңсеге барып иштөөгө уруксат берүү өтүнүчү келтирилген. Сот аны канаттандырган эмес.

Кошумчалай кетсек, 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат. Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Кийин Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Бирок канааттандырылган эмес.

Количество просмотров: 95