• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

26-апрелде күтүлгөн аба ырайы

25 Чын куран 202215:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 26-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустанынын кээ бир райондорунда жаанр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаап жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…27,

Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21°.

Количество просмотров: 141