• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

27-апрелге карата аба ырайы

26 Чын куран 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Эртең, 27-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…20,

Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27 градус болот.

Количество просмотров: 134