• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

27-февралда аба ырайы кандай болот?

26 Бирдин айы 202615:32 Бишкек Govori.TV

27-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.

Бишкекте түнкүсүн -1° …+1°, күндүз 4…6° жылуу болот.

Количество просмотров: 277