• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

27-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

27 Үчтүн айы 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 27-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+5, Талас облусунда -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -6…-11 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +2…+4 градуска көтөрүлөт.

Количество просмотров: 2085