28-февралда түнкүсүн Чүй, Ош облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1
Бишкекте түнкүсүн -2…-4°, күндүз 0…-2° суук болот.