2022-жылдын 28-июль күнү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталып калат. Бул тууралуу аба ырайын аныктоочу мамлекеттик ишканадан билдиришти. 28-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөрү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 37…39 градус ысык болот.