3-августта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.