Эртең, 3-декабрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош жана Жалал-Абад облусунун тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 1…3 градус болот.