Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 градус жогору болот.