• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

4-декабрда күтүлгөн аба ырайы

3 Бештин айы 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° болот.

Количество просмотров: 223