• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

5-апрелдин аба ырайы

5 Чын куран 2023 15:01 Бишкек Govori.TV

Эртең, 5-апрелде түнкүсүн Баткен, Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Күндүз Талас, Баткен, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.

Количество просмотров: 107