Эртең, 5-майда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 (түнкүсүн үшүк жүрөт),
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13 (түнкүсүн үшүк жүрөт),
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, (түнкүсүн үшүк жүрөт).
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.