• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

6-кабаттан кулаган кыз ооруканадан чыгарылды

27 Чын куран 202617:46 Бишкек Govori.TV

Жал кичи районунда 6-кабаттан кулап, Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жаткан кыз ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, наристенин абалы канааттандырарлык. Ал мындан ары тийиштүү үй-бүлөлүк медицина борборунун көзөмөлүндө болот.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Количество просмотров: 176