• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

7-апрелге карата аба ырайы

6 Чын куран 2023 14:10 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-апрелде күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Количество просмотров: 160