7-августта Кыргызстандын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус болот.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус ысык болот.