• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

7-февралдан тарта ОСАГО тутуму киргизилет

4 Үчтүн айы 2019 15:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.01.2018.Govori.TV.

2019-жылдын 7-февралынан тарта «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам күчүнө кирет

2019-жылдын 7-февралынан тарта «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирет, анда Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүү каралган.

Мыйзам долбоорунун максаты – автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Милдеттүү камсыздандырууну киргизүү камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрү аркылуу жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттүүлүгүнө байланышкан тараптардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо тутумун түзүүнү шарттайт.

Жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүү аркылуу жол кыймылынын бардык катышуучулары жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги менен камсыздалышат. Жарандар мүлктү калыбына келтирүү жана дарыланууга кеткен күтүлбөгөн чыгымдардан корголот жана бузулган мүлк үчүн өз убагында жана адилеттүү компенсация ала алышат.

Мындан тышкары камсыздандыруу полисинин баасын аныктоодо түрдүү коэффиценттерди колдонуунун эсебинен ОСАГО тутуму айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана авариясыз жүрүүгө өбөлгөлөйт.

Камсыздандыруучуну мажбурлап жоюуга байланыштуу камсыздандырылуучуга компенсация төлөнбөй калбашы үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдик фонду түзүлүүдө.

Бул фонд камсыздандырылуучуга ал келишим түзгөн камсыздандыруучу мажбурлап жоюлган шартта (банкрот деп таанылып) камсыздандыруу төлөмдөрүн алууну шарттайт.

Фонддун иштөөсү үчүн учурда аракеттеги камсыздандыруу уюмдары фондго туруктуу негизде акча каражаттарын чегерип турат.

ОСАГО тутумун киргизүүнүн алкагында автоматташтырылган маалыматтык борбор иштейт, анда камсыздандыруу келишимдери жана камсыздандыруу учурлары жөнүндө маалыматтар камтылат. Ошону менен бирге уникалдуу бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы түзүлөт, ал авариялуулук абалы тууралуу такталган статистикалык маалыматтардын булагы катары кызмат өтөйт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Мамфинкөзөмөл) 2019-жылдын 7-февралынан тарта полистин жоктугу үчүн унаалары башка өлкөдө катталган айдоочуларга дагы айып салууну сунуштап жатат.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында катталган айдоочулар үчүн 2019-жылдын 7-августуна чейин өтүү мезгили каралат. Кыргыз Республикасынын тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.

Маалымдама. «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин – 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

2016-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси боюнча Мыйзамга анын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган өзгөртүү киргизилген.

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ичиндеги автожарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жок жалгыз мамлекет болуп саналат.

Теги:
Количество просмотров: 17