• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

70 миңге чукул бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды

29 Бугу 2024 9:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 28-майга карата 69 миң 919 бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу – 13 926 бала катталды;
Жалал-Абад облусу – 13 956;
Чүй облусу – 10 956;
Баткен облусу – 8153;
Ысык- Көл облусу – 6291;
Нарын облусу – 3998;
Талас облусу – 3616;
Бишкек шаары – 6811;
Ош шаары – 2212.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 81