• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

8-сентябрга карата аба ырайы

7 Аяк оона 202314:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-сентябрга карата күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

Количество просмотров: 186