Бакыт Нурдинов мырза «Кечиримдүүлүк жана кечирим суроо — бул адамдын эң жакшы сыпаты» — деп жазыптыр өз баракчасына, менден, менин уулум Кубанычтан мындан 7 жыл мурдагы уюштурулган жалаа үчүн кечирим сураптыр. Мына ушундан улам «кечиримдүү болуу жеңилби же кечирим суроо жеңилби??» — деген философиялык суроо туулат. Менин жеке оюмча кечирим суроо кечерим берүүдөн оордук кылат, ар кимдин эле колунан келе бербейт, кечирим суроо үчүн дагы эрк керек.
Бакыт мырза, сиз менен бул бул темада мындан алты жыл илгери иш кабинетимде жолугуп сүйлөштүк эле, ошондо эле «бул ызы-чуу да бүтөт, ыйманым алдында дагы, Кудай алдында дагы, Эл алдында дагы жер карап уяла турган эч нерсем жок, бул жалаанын артында кимдер, кандай максат менен турганын жакшы билем, сизге эч кандай доом жок» деп айттым эле, жакшы коштошконбуз, а түгүл менин иш үстөлүмдө турган Куран китебинин атайын жасалгаланып чыгарылган нускасын да адыя кылып берген элем. Сиздин пендечилик кылгандыгыңызды ошол күндөрү эле кечиргем. Анткени бул жалааны шыкактап, Жогорку Кеңешке чейин көтөрүп, гезит-интернетте чуулдаткан пенделерди жакшы билем, алар Ажылык иштин таза уюшутурулушун ниет кылышкан эмес, андай аруу тилек алардын оюнда да жок болчу, алар бул маселе аркылуу Убактылуу Өкмөткө, анын ичинде жеке мага атайын саясий сокку урууну эле максат кылышкан, муну азыр сиз деле жакшы түшүнүп турасыз деп ойлойм. Андан бери 6 жыл өттү, ошол кезде сиз айткандай «саясат үчүн атайын уюштурулган жалааны» дагы да болсо кайра-кайра сапырып келе жатышат. Каптагаевди каралап, ага көө жаап бирдеме айтыш керек болсо эле ошону көтөрүп чыга калышат, Бакыт Нурдинов айткан деп, сизге шылтап жазышат, болгон далили ошол. Мына эми дагы бир жолу чындыкты тастыктап, ошол учурда саясий максаттардан улам уулум экөөбүздү жок жерден жаманатты кылуу болгонун ачык айтканыңыз бул сиздин жарандык эрдигиңиз, ниетиңиздин тазалыгы деп ойлойм. Алла ыраазы болсун сизге. Жаңы жылда ден соолук, үйбүлөңүз менен бакубат жашооңузду каалайм!
Кечиримдүүлүк жана кечирим суроо – бул адамдын эң жакшы сыпаты.
Бул чын ниеттен жазылган сөздөрдү ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Бирок алардын айтандары мага маанилүү деле эмес. Эмне дегенде жан дүйнөмдө көптөн бери өйүп жаткан бир маселени чыгарууга мажбур болдум, кетип жаткан эски жыл менен Кудай жана коомчулук алдында кечирим сурап коюну туура көрдүм, Алар кечиреби, кечирбейби кийинки маселе…
Эки – үч ай мурун Садыр Жапаровдун туугандары, атасы санжырачы Нургожо ажыга Бишкек шаарынын “Дасмияга” Куран окутуп чыкырып калышты. Ошол жерден көп жылдан бери көрбөй жүргөн Каптагаев Эмилбек Саламатовичти жолуктуруп, учурашып калдык. Беш мүнөттүк сүйлөшү убакта ал киши, кыска өз оюн айтып өттү. Эмилбек Саламатовичтин мага болгон нааразычылыгы, анын уулу Кубанычты негизсиз караланып, азыркыга чейин бир да мамлекттик жумушка алынбай жаткандыгын …”Жок дегенде баламдан кечирим сурап койсоң болмок”… Жаныбызда молдолор болгондуктан, мен унчукпай уктум…
Сөз башынан:
2008 – жылы “ Коомдук парламет” түзүлүп, 50 депутаттын ичине дин чөйрөдөн мени кийирип калышты. Ошол убакта Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Эмилбек Саламатович ж.б. чогу иштештик. 2009 – жылы Эмил Саламатовичке Бакиевдер тарабынан кол салуу болуп, ур токмоко алышты. Мага дагы күч органдарынан, сот тарабынан ар кадай шылтоолор менен кысымга ала башташты. Адвокат Акин Токталиев менен кеңештим. Ал киши иш менен таанышып көрүп айтты: “ Тезирззк сырт жакка кеттип турбасаң, ахыбалың оор болот” деп. Ошону менен 2009- жылдын декабрь айынын аягында Алма – Ата шаары аркылуу Турцияга кеттүүгө туура келди. 2010- жылдын 08- апрелине чейин, Турциянын ондон ашык шаарында болдум. Турциянын Газантеп шаарында Жекшенкулов Аликбек байкенин баласы Беккул, Атамбевдин ошол убактагы санаалаш балдары, качып жүргөн Канат Сопиев менен бирге болдук…
2010- жыл 08- апрелде Бишкеке келдим. Кыскасы бардак убак… Дин чөйрө да кым куут эле болуп калды. Ыраматылык Муратаалы ажыны кетиришити…Биринин артынан шайланган муфтийлер кете башташты …Эки – үч жигит өлүп кетти. Түндүк – туштук маселеси, тирешүүлөр,сабашуулар… Айла кетип Кадыр Маликов болуп, дин чөйрөсүн укуктук жака келтириш үчүн “мусулмандардын убактылуу комитетин” түзүп жибердик. Төрагасы кылып мени шайлашты…. Аңгыча түштүктө коогалаң башталып кетти…. Эмил Саламатович президенттин аппарат жетекчиси болуп калды.Мамлекттик дин комиссиясына Болот Абдырахманов келди… Муфтийлик орун талашка түштү… Акыры муфтийлик орунга кутүүсүздөн Чубак ажы болуп калды…Төрт – беш адам ак үйгө Эмил Саламатовичке кирип чыктык, ортобузда пикир келишпестик болуп тарап кеттик… Тирешүү күч алды… Сөз уккан адам жок…
Ошентип ажылыкты кимдер өткөруш керектиги тартыш болуп калды. Анын үстүндө ажылык- умра укуктук талаага коюла элек эле. Биз чыктык, ажылык – умраны муфтият өткөруш керек деп. Анткени мамлекет өткөруп коррупция ченебегендей күчөдү эле. Алар айтат, жок мамлекет өткөрсүн деп… Кыскасы 2010- жылы мамлекет өткөрүп, ызы чуу эле болуп калды. Ошол убакта Эмил Саламатовичтин баласы Кубаныч Тышкы Иштер министирлигинде иштейт экен, таанычу эмесмин.. Эмилбек Саламатовичтин да душмандары көп эле ..Салгылаш каттуу болду… Жогорку Кеңештен Турсунбай Бакир Уулу, Каныбек Осмоналиев, Акылбек Жапаров демилге көтөрүп, ажылык- умраны муфтият өткөрсун деп мыйзам жазып чыгышып, комитеттерден өтүп, акыры жалпы депутаттарга алынып чыгылды. Ачык айтайын ошондо Эмибек Саламатовичтин баласынын күнөөсү жок болсо дагы, саясатташтырып салууга туура келди… Жогорку Кеңешке Чубак ажы экөөбүз барып катыштык, мага трибунада он минута сүйлөгөнгө сөз беришти… ЖК депутаттары көпчүлүгу колдоп беришти…. Андан кийин соттошулар башталды… бүттү… Ошондон бери Эмил Саламатовичтин ортобузда муздак сезим калып калды.Мүмкүн ал кишинин оюн мен да түшүнбөгөндүрмүн…
Эмил Саламатовичтин бир жакшы сыпаты кектебеди жана жамандык издеп артымдан түшкөн жок.
Бирок азыркыга чейин Ажылык муфтиятка өткөнүн туура көрөм жана сыймыктанам. Анткени азыркы убакта ажылык тартиптешилип өз нугуна түшүп калды…
Ошондуктан барын жыйыштырып Эмилбек Саламатовичтен жана баласы Кубанычтан Кудай алдында, коомчулук алдында кемчиликтүү бир мусулман катары кечирим суроону туура көрдүм…. жеңилденип калдым.
СубханАллах