2 28-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМ кабардады.
Маалыматка ылайык, жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.
«Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, үч чакырым жерди суу алып кетип ошол суудан өтүшкөн. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калып калгандыгы аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.