• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды

1 Теке 202417:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Саат 07:30дан баштап Калкты тейлөө борборлору ачылды. Биз бардык борборлорду кыдырып, калкты тейлөө борборлорунда паспорт алмаштыруу кампаниясы кандай башталганына көз салдык. Жарандар келип паспортторун тапшырып жатышат», — деп жазды министр.

Кутнаева белгилегендей, паспорт алмаштырууга көбүнчө 2004-жылкы паспорт менен улгайган адамдар келишип, бул акцияга ыраазы болушууда.

Количество просмотров: 82