• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

10 Чын куран 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев видеоконференция режиминде өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө Премьер-министр Казакстан жана Россия Өкмөттөрүнүн башчыларына коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал биздин жашобузга жана ишибизге өз таасирин тийгизип, биз бүгүнкү жыйынды видеоконференция режиминде өткөрүүгө мажбур болуудабыз. Көрүнүп тургандай, иштин аталган форматы биздин чогулуубузга жана күн тартибинде белгиленген маселелерди талкулоого жана алар боюнча макулдашылган жана конструктивдүү чечимдерди кабыл алуубузга тоскоолдук келтире алган жок. Евразиялык экономикалык кеңештин келишимдик-укуктук базасында заманбап чакырыктарга каршы биргелешкен чараларды кабыл алуунун бардык тийиштүү механизмдери киргизилгендигин белгилеп кетүү керек. Бүгүн биз финансы рыногундагы абалдын начарлашына, сырьелук товарларга баалардын кескин түшүүсүнө алып келген экономиканын өнүгүүсү дүйнөдөгү кыйын эпидемиологиялык кырдаалга тушуккан шарттардагы интеграцияны өнүктүрүү маселесин талкуулоодобуз. Болуп жаткан окуялардын фонунда экономикалык активдүүлүктүн кескин төмөндөшүн, ошондой эле экономикалык өсүү темпинин жана өз-ара сооданын кескин кыскарышын байкоодобуз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Түзүлгөн кырдаалда, анын айтымында, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү чек араларын жабууда, бирок жалпыбыз коронавирустук инфекциянын экономикалык түзүмгө келтирилген кесепетин минималдаштыруу боюнча биргелешкен жана ыргактуу ишке киришүүбүз зарыл.

«Бүгүнкү күнү ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе- бул өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өз ара сооданы тийиштүү деңгээлде сактоо. Биз товарларды, биринчи кезекте азык-түлүктү эркин өткөрүүнү камсыз кылышыбыз керек. Ошол эле учурда жарандарыбыздын саламаттыгына жана жашоосуна кам көрүүгө тийишпиз. Буга байланыштуу жүктөрдүн жана айдоочулардын жүрүүсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү сунуштайм. Анткени биз көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында бул эрежелер дүйнөдөгү эл аралык соодага кандай таасир берип жатканын көрдүк. Логистикалык жол-жоболордон жана товарларды ташуу убактысынан жалпы соода-экономикалык системабыз жана биздин интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды. Коронавирус инфекциясынын жайылуусунун таасиринен улам орто мөөнөттүү мезгилге болжолду даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал белгилегендей, биринчи кезекте өнүктүрүү институттарынын — Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун бекемдөө кажет. Алар мүчө-мамлекеттерге кризистик кырдаалда гана эмес, кризистен кийинки мезгилде дагы макроэкономикалык абалды калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүүгө багытталган өз миссияларын аткарууга тийиш.

«Коронавирус инфекциясынын мынчалык динамикалуу жайылышы дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына гана эмес, анын биримдигине да коркунуч туудурат. Ошондуктан бул сыноодон ийгиликтүү өтүп, Бирликтин туруктуулугун далилдөө керек. Түзүлгөн кырдаал экономикалык кызматташтыкты, өндүрүштүк корпорацияны күчөтүүнү жана калктын бакубатчылыгын сактоо үчүн биргелешкен иш-аракеттерди ыкчам кабыл алууну арттыруу абзел экендигин дагы бир ирет көрсөттү. Биздин биримдик жана биргелешкен чараларды кабыл алууга умтулуубуз Бирликке чакырыктарды өз ара иштешүүнүн бардык багыттарында евразиялык интеграцияны келечектүү тереңдетүү мүмкүндүгүнө айлантууга шарт түзөт», — деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 63