Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков талапкерлигинен баш тартуу тууралуу БШКга арыз жазды.
Боршайком жакынкы жыйынында Айдарбековдун арызын карайт.
Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков №21 көп мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон болчу.
Аталган округдан депутат болуп шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өзү жазган арызынын негизинде алынып, бирок бош турган. Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат берилбей жаткан. Боршайком муну талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканы менен байланыштырган.
14-апрелде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Ушул эле күнү кечинде ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыбы угузулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ИИМ Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп айыптап жатат.