• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Актёр Марат Козукеев дүйнө салды

9 Бештин айы 2017 8:29 Бишкек Govori.TV

Акыркы мезгилде кант диабети менен ооруп жүргөн, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев көз жумду.

Бул тууралуу анын кесиптеши, Маданият министринин кеңешчиси Улан Өмүралиев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Марат байке алтыным!  Жаткан жерин жайлуу болсун, топурагын торкоо болсун! Аттиң сени кетет  деп ойлогон жок элем. Эмне кылабыз! Боздотуп таштап кеттиң!  Айла жок!” -деп жазат Улан Өмуралиев.

Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда, Бишкек шаарында, чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген.

Марат Козукеев дагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар элдин эсинде кала турган ролдор менен таанымал.

Таланттуу үй-бүлөгө тамашоучу Эмил Эсеналиев күйөө бала болгон. Актёрдун артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды.

govori.tv агенттигинин жамааты Марат козукеевдин үй-бүлөсүнө, жакындарыа жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 17