Бүгүн, 18-майда саат 14:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Садырбай – Каратай унаа жолунун Кызыл-Ордо участкасын сел жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Катуу жүргөн селден жабыр тарткандар жок.
«Баш-Булак айылдык аймагынын Кызыл-Ордо айылына жана Кара-Суу шаарынын Миялы айылына Каратай Кызыл-Ордо унаа жолу аркылуу каттам бар», — деп айтылат маалыматта.