Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Бука районундагы сексуалдык ыдык көргөн делген 5 жаштагы кыздын видеосун таратпоого чакырды.
Анын айтымында, 5 жашар кыздын окуясына байланыштуу тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткен.
«Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар, соцтармактарда таркатпаңыздар. Баланын укуктарын коргошубуз керек», — деди Абдрахматова.