• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акжол Махмудов үч жолу күрөшүп, экөөндө жеңип, биринде жеңилген

14 Тогуздун айы 202411:02 Бишкек Govori.TV

Акжол Махмудов Бундеслигадагы мелдештерин улантып жатат. Бул сезондо ал «Шорндорф» клубу үчүн күрөшүүдө.

12-октябрда Махмудовдун командасы кезектеги турда азыркы учурдун чемпиону SV Wacker Burghausen менен беттешкен, анда 14:13 эсебинде Акжол жеңишке жетти.

Кыргызстандык күрөшчү 86 салмакка чейинки Роланд Шварц менен күрөшүп, аны 9:1 эсебинде утуп алган. Жалпысынан Акжол Махмудов «Шорндорф» клубу үчүн 3 беттешүү өткөрүп, анын экөөндө жеңип, биринде утулган.

Эми 19-октябрда А. Махмудовдун командасы SVG 04 Weingarten клубу менен беттеш өткөрөт.

Количество просмотров: 265