Алматынын административдик соту саясий туткундарды бошотуу талабы менен 24-апрелде өткөн митинг учурунда кармалган 11 кишини жоопкерчиликке тартты.
Сот өкүмүнө ылайык, жарандык активисттер Айгерим Тлеужанова, Алина Берменкул, Бауыржан Атинбаев, Бекен Бейсалиев, Конай Абдиев жана Досжан Хуаныш 20 суткага, Равкат Мухтаров менен Майра Габдулина 15 суткага камалды.
Январь окуяларына байланыштуу камакка алынган Дархан Уалиевдин жубайы Булбул Бердикожановага 91 890 теңге (200 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды. Ушундай эле жаза Эсанбой Хожиев менен Баян Ширинбековага чегерилди.
Сот Бердикожанова, Ширинбекова, Хожиев, Мухтаров жана Габдуллинаны «мыйзамсыз митингге катышкан» деп тапты. Калгандары «Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин кайталап бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Жарандык активист Сания Тунгатарова сот жообуна тартылган активисттер өкүм менен макул эмес экенин жана жогорку баскычтагы сотко кайрылууга ниеттенип жатышканын билдирди.
24-апрелде активисттерден турган топ Илимдер академиясынын алдына чогулуп, январь окуялары учурунда жана андан кийин кармалган саясий туткундарды бошотууну талап кылышкан. Активист Айгерим Тлеужан митинг жөнүндө алдын ала акимчиликке кабар бергенин, бирок кат түрүндө жооп ала албаганын айткан. Ал саясий себептен улам камалгандардын баары бошотулганга чейин ар апта сайын нааразылык акциясын өткөрүп турушарын билдирген.
Жергиликтүү басылмалар акция маалында полиция 12 кишини кармап кеткенин кабарлашкан.