• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алматыда сабалган кыргызстандыктын учурдагы абалы айтылды

21 Үчтүн айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

КР Саламаттык сактоо министрлигинен Казакстанда сабалып, Бишкекке алып келинген кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун ден соолугунун учурдагы абалы тууралуу айтып беришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 47 жаштагы С.Ч. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна бүгүн, 20-январда саат 14:55те келип түшкөн.

Белгиленгендей, адистер (нейрохирург, травматолог, хирург) консилиум өткөрүштү. Консилиумдун жыйынтыгы менен алдын ала диагноз коюлду: коштолгон жаракат, баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы, көкүрөктүн жаракаты, бир нече кабырга сыныктары, бут сөөктөрүнүн сыныктары.

“Адистер тарабынан бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бейтап реанимация бөлүмүнө жаткырылды, абалы жакшырган соң адистештирилген бөлүмгө которулат.

Учурда жабырлануучуну дарылоо иштери башталды, дагы кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бейтапка бардык медициналык жардам Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлөт”, — деп кошумчалашты министрликтен.

Количество просмотров: 123