Жекшемби күнү Казакстандын Алматы шаарында Украинаны колдогон митинг өттү.
Украинанын желегин көтөргөн акция катышуучулары «Согушка жол жок!» — деп кыйкырып, Орусия тез арада Украинадагы аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айтышты.
Митингде сөз сүйлөгөндөр «Украина эгемендиги үчүн күрөшүп жатканын» жана «Украинада болуп жаткан окуялар эртең Казакстанда да болуп кетиши мүмкүн экенин» белгилешти.
Белгилей кетсек, акцияга 3 миңден 5 миңге чейин адам катышты.