• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Анталия менен карым-катыш кылабыз

20 Баш оона 202416:00 Бишкек Govori.TV

Жакында Анталия шаарында Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков КР Анталия шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте, Анталия Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Хакан Пакалын жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү, инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланган. Анталия Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен айыл чарба, туризм жана соода тармагында иштешүүгө басым жасап, Кыргызстандын инвесторлорго болгон мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылды.

Чыңгыз Токтобеков айыл чарба жаатында тамчылатып сугаруу системасын Кыргызстанга жайылтуу максатында тажрыйба алмашуу программасын уюштурууну сунуштады.

Сөз аягында Анталия Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргызстандын соода өкүлү экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашты. Аны менен бирге 23-24-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган бизнес форумга Анталия Соода-өнөр жай палатасынын жамаатын катышууга чакырды.

Количество просмотров: 88