• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Арал постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды

12 Үчтүн айы 202410:05 Бишкек Govori.TV

Арал постундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр бүгүн, 12-январь эртең мененки саат 08:30да алынган.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жүк ташуу унаалардын өтүшүнө чектөөлөр күн мурун, 11-январь саат 17:00дөн баштап киргизилген.

Мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Количество просмотров: 110