• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ашөпкө кеткен SAFARI намыстанган премьер тууралуу

16 Бештин айы 2017 13:29 Бишкек Govori.TV

Ашөпкө кеткен SAFARI намыстанган премьер тууралу

Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста демекчи Сафаринин жакшы иштери менен катар ашынган учурлары да жок эмес.

Премьер-министрдин сөзүнөн, Сафаринин жообунан кийин мага Россиядагы Стопхам кыймылы эске түштү.

Стопхам дагы Сафаридей эле Россиянын интернет айдыңында белгилүү кыймылдардын бири болчу. Айырмасы Сафари ГАИ менен күрөшсө, Стопхам жол эрежесин бузган айдоочулар менен.

Видеолору ютубда миллионго чейин көрүүчү топтогон Стопхам акыркы учурда ашөпкө кетип, кызыл чекке жете баштаган.
Стопхамдын кызыл чекти басуусу 2014-жылы олимпиада чемпиону, гимнаст Алексей Немовго кол көтөрүүсү болду.
Жол четине дүкөнгө кирип кеткен аялын күтүү үчүн аз гана убакытка токтой калган Немовго Стопхам келип наклейкасын чаптап, анан чемпионду көтөрүп чабышып, чон резонанс болгон. Элдин кыжырын келтиришкен. Олимпиада чемпиону менен болгон окуядан кийин юстиция министрлиги 2015-жылы сот аркылуу Стопхамды ликвидация кылууга жетишет.

Ооба, 2016-жылы Стопхам Жогорку Сотту утуп алат. Бирок, мурдагыдай ашынган, адамдын жинин келтирген нерселерди жасабай калышты.

Эки жылдан бери ГАИ кызматкерлеринин катышуусундагы видеолорду жүктөп жүргөн Сафари кыймылы дагы айрым учурда чектен чыгып, шылдыңдоого чейин барып жүрүшкөнү чындык. Бирок, Сафаринин кызыл чекти басуусу же Стопхамдын мисалында Немовго кол көтөрүүсү премьер-министр айткан видео болду окшойт. Ал видеону көргөн адамдын көпчүлүгү ГАИ кызматкери тарапта экенин комментарийлерден эле байкаса болот.

Эми Сафарини жана алардын ишинен шыктанган автосүйүүчүлөрдү тартипке чакыруу, ГАИ кызматкерлерин шылдыңга албаш үчүн жөнү жок токтотуп пара алууну тыюу, татыктуу шарттарды түзүп берүү бийликтин өкүлүнө болгон мамилеге намыстанган бийлик эгеси, өкмөт башчыда.

Баса, ГАИ эмес азыр Патрулдук милиция деп премьердин сөзүн оңдогон Сафаричилер азыр Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүгү деп өзгөртүлгөн, андыктан премьердин сөзүн оңдогонуңар саал жакшы көрүнбөй калыптыр.

Марат Тагаев

Количество просмотров: 26