• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ат-Башыда сел агызып кеткен унаадагы адам куткарылды

13 Теке 20268:25 Бишкек Govori.TV

12-июль күнү саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, табият кырсыгы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган.

«Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткарылып, аман-эсен чыгарылды. Турак жайларга зыян келтирилген жок. Ат-Башы – Өзгөрүш унаа жолу эки тараптуу ачылып, кыймыл толугу менен калыбына келтирилди», — деп айтылат маалыматта.