• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы абактан бошотулду

10 Теке 202612:37 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (мурдагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматы) мурдагы башчысы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Дамир Мусакеев абактан бошотулганын бүгүн, 10-июлда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 9-июлундагы токтому менен тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү — канааттандырылган. Айыпталуучу М.Д.Ске карата камакка алуу менен байланышкан бөгөт коюу чарасы башка жакка кетпөө тил кат түрүнө өзгөртүлүп, сот залынан камактан бошотулган.

Эске салсак, ал өткөн жылдын соңунда парламенттик шайлоодон кийин «Бийликти басып алууга даярдык көрүү» беренеси менен шектелип, кармалган.

Количество просмотров: 116