• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

TezJet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

10 Теке 202616:34 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги учагы кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясы кабылган инцидентти иликтеп чыгып, компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзам менен белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу Жарандык авиация мамлекттик агенттиги үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат», – деп айтылат маалыматта.

TezJet жеке менчик ишканасынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылганы кабарланган.

Количество просмотров: 31