• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атазовдун мандаты боюнча шаардык сот чечим чыгарды

5 Чын куран 2024 15:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча өкүм чыгарып, администрадивдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

Чечимдин алдында тараптар өз жүйөлөрүн келтиришти. Отурумга Атазов өзү келген жок.

«Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз»,- деди Атазовдун адвокаты Токтосунов.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Ага ылайык, Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Анда шайлоону Абдурахман Муртазалиев алдыга чыгып, Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болуп келген.

Муртазалиев милиция кармаган адамдарга өзүнүн тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Ал БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок бардык инстанциядагы соттор анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Быйыл 21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Ал кайрылуусунда милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотундагы териштирүүдө аныкталганын билдирген.

Количество просмотров: 396