• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Азаттык Медиа» мекемесинин сайттарына коюлган бөгөт алынды

14 Теке 202316:55 Бишкек Govori.TV

«Азаттык Медиа» мекемесинин azattyk.org жана rus.azattyk.org сайттарына Маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынды.

12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтоткон. Буга байланыштуу Маданият министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберген.

«Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечимди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр 26-октябрда чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы – «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин «Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. «Азаттыктын» адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

Количество просмотров: 98